07:08
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Министрлер кабинети дарыгерлерге канчадан компенсация төлөп берет?

Министрлер кабинети медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү белгиледи. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, компенсациялык төлөмдөр президенттин «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тутумунун жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында белгиленген.

Өзгөчө алыскы райондордогу, кичи шаарлардагы жана айыл жерлериндеги саламаттык сактоо уюмдарына иштөөгө жиберилген талап кылынган медициналык адистерге (педиатрларга, неонатологдорго, жалпы хирургдарга, анестезиолог-реаниматологдорго) 20 миң сом өлчөмүндө, тармактагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилсин. Саламаттык сактоонун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган реестрге, бир эмгек акынын негизинде, бирок ар бир кызматкерге 20 миңден ашык эмес;

өзгөчө эмгек шарттары үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын тез жардам дарыгерлерине 20 миң сом өлчөмүндө, түзүлгөн келишимдерге ылайык иш жүзүндө иштеген убактысына жараша, бирок бир ставкадан ашпаган өлчөмдө белгиленген.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев 4 жыл ичинде көптөгөн медицина кызматкерлеринин айлык акысы 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн билдирген.

«Мисалы, анестезиологдор жана реаниматологдор үчүн 60-75 миңге чейин көтөрүлдү», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар