17:30
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жаңы жетекчи келди

Координациялык кеңештин чечими менен Бакытбек Касымкулов Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору болуп дайындалды.

Белгиленгендей, талапкер 1-августта өткөн сынактык тандоонун жыйынтыгы менен аныкталган.

Бакытбек Касымкулов 1983-жылы Таласта төрөлгөн. 2007-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2008-2014-жылдары сот системасында иштеген. 2017-2020-жылдары — Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордо бөлүм эксперти, бөлүм башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар