Мирбек Расулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Башкы прокурордун орун басары — Аскер прокурору кызматынан бошотулганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын ордун Жыргал Исмаилов ээледи. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Мирбек Расулов башкы прокурордун орун басары кызматына 2023-жылдын декабрь айында дайындалган.