Бишкек шаарында, бүгүн, 2-августтан тарта № 118 муниципалдык автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автобустун акыркы аялдамалары Бакай-Ата конушунда жана Жал айылында жайгашат. Күн сайын каттамга 25 бирдик автобус чыгат. Аралыгы 10 мүнөттү түзөт.
Белгилей кетсек, аталган автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ачылды.