Моссовет театрынын сахнасында 30-августтан 3-сентябрга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын спектаклдери көрсөтүлөт. Бул тууралуу театрдын директорунун орун басары Елена Смирнова Facebook баракчасына билдирди.
Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин «Гранд-турлар» программасына биринчи жолу кирди. Долбоордун аркасында Россия Федерациясынын жана чет мамлекеттердин театрлары башка шаарларга жана башка мамлекеттерге гастролго чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.
Москвадагы эң эски театрлардын бири — Моссовет атындагы Мамлекеттик академиялык театрдын сахнасында Кыргызстандын командасы беш көп жанрлуу спектаклдерди: «Күрөк ханышасы» фарсы, «Мастер жана Маргарита» фантасмагориясы, «Сүйүү жана көгүчкөндөр» жана «Баба Шанель» комедиялары, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз жээгинде чуркаган ит...» мифологиялык поэмасы.
Гастролго 40тан ашык чыгармачыл жана техникалык адамдар чыгып, декорацияны ташууда жүк ташуучу унаа колдонулат.