15:01
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Чыныбай Турсунбековдун банкы мамлекетке өттү

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, маркум Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык Capital Bank’тын акцияларынын 100 пайызы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин банкка Чыныбай Турсунбековдун балдары ээлик кылып келген — акцияларынын 40 пайызы Эржан Чыныбай уулуна, 30 пайызы Бегимай Чыныбай кызына жана 30 пайызы Айдай Турсунбековага таандык болгон.

Апта башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирип, бул үй-бүлө 2010-жылы Максим Бакиевке тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алганын маалымдаган. Ташиевдин айтымында, Чыныбай Турсунбеков банкты аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, аталышын «Капитал банк» деп өзгөртүп иштетип келишкен.

Экс-спикердин кыздарына Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо) боюнча иш козголгон. Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатын иштеткен Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакка алынып, Бегимай Чыныбай кызы үй камагына чыгарылган.

Азырынча Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын адвокаты же туугандары бул кылмыш иши боюнча комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар