USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Олжобай Шакирдин иши. Чүй облсоту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртпөдү

13:23, 15 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Чуй облсоту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Олжобай Шакир 2023-жылдын август айында кармалып, ошондон бери тергөө абагында отурат. Ал «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырган» деп айыпталууда. Камакка алынардын алдында жазуучу Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы чыккан.

Олжабай Шакирдин адвокаты иштин материалдарында айыптоо өкүмүн чыгарууга далилдер жок экенин билдирген. Прокурор жазуучуну коюлган бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратууну суранган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика