Курулуш компанияларынын уставдык капиталы 100 миллион сомго чейин болушу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, курулуш компаниялардын уставдык капиталын көбөйтүү кыймылсыз мүлк сатып алуучуларды коргоонун ыкмаларынын бири болуп саналат. Ал акыркы жылдары үлүштүк ээлер көп учурда батирге же кыймылсыз мүлккө салган суммага ээ боло албай, үмүтсүз абалга туш болуп жаткандыгын белгиледи.
«Уставдык капитал курулуш компаниялары объекттерди курууда ээ болууга тийиш болгон сумманы же мүлктү билдирет. Бул пайда болгон каржылык көйгөйлөрдү чечүүгө кепилдик бере алат. Уставдык капиталдын көлөмү 100 миллион сомго жетет. Курулуш компаниялары үчүн бул аз сумма. Учурдагы курс боюнча — 1,2 млн. Бир эле турак-жай куруп жатканда 10 миллион долларга чейин коротушат», — дейт Нурдан Орунтаев.
Мамкурулуштун директору уставдык капиталдын өлчөмү имараттын аянтына жараша ар кандай болорун белгиледи. Аянты 10 миң чарчы метрге чейинки объекттер үчүн 100 миллион сом эсептелет.

