13:59
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими алынды

Кадамжайда сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылына сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге суу кирген.

Калыбына келтирүү иштерине ӨКМден куткаруучулар, техникалык каражаттар тартылып, Жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярчылар жардам көрсөтүшкөн.

Белгилей кетсек, селден улам Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими 25-июнда киргизилип, Жеңиш айылынан миңге жакын жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар