Ондон ашык судья 2024-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков «Ала-Тоо 24» телеканалынын эфиринде Чүй облустук сотунун эки судьясынын пара алды деген шек менен кармалышы боюнча комментарий берип жатып билдирди.
Эскерте кетсек, 2-июлда УКМКнын кызматкерлери пара талап кылып жаткан жеринен Чүй облустук сотунун кылмыш коллегиясынын эки судьясын кармашкан. Кармоо учурунда алар качып кетүүгө аракет кылып, кырсыкка кабылышкан.
КР Жогорку сотунун башчысынын айтымында, абакта отурган судьялар дагы бар.«Биз алардын бетин ачып, камайбыз. Камак — бул эң чоң жаза», — деди Замирбек Базарбеков.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2023-жылы судьяларга карата 11 кылмыш иши козголгон. Буга чейин Соттор кеңеши Чүй облустук сотунун эки судьясы Улукбек Калыбеков менен Тилек Абдырашитовду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бергени маалымдалган.
Ведомстводон билдиришкендей, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча башкы прокурордун сунушу каралды.Улукбек Калыбеков опузалап пара алган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Тилек Абдырашитовго да «опузалап пара талап кылуу», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылууда.