04:05
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Уларбек Шаршеев ШКУнун антитеррордук структурасын жетектейт

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмдүн аткаруу комитетинин директорлугуна КР Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Астанада өтүп жаткан ШКУ саммитинин жыйынында билдирди.

Садыр Жапаров бардык катышуучуларга Уларбек Шаршеевдин талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

РАТС — бул ШКУнун аймактык жана глобалдык деңгээлде терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштү координациялоочу туруктуу органы болуп саналат. Учурда түзүмдү Руслан Мирзаев жетектейт.

Эске сала кетсек, Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңеши) жыйыны болуп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар