Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына жана республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин болжолдоосуна ылайык, 5-7-июль аралыгында Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай райондорунда, Ак-Сууда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп, Тоң райондорунда, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Кемин райондорунда, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунда сел жүрүп, жолдорго таш кулап, сел жүрүшү мүмкүн.
Жолдордун төмөнкү тилкелеринде сел жана таш кулоолор болушу мүмкүн:
Бишкек — Ош жолунун 285-, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
Бишкек — Балыкчы унаа жолунун 112-128-чакырымында (Боом капчыгайы);
Балыкчы — Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
Талды-Суу — Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
Ош — Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды сак болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Эгер өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз, 112 кызматына чалыңыз.