23:26
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2023-жылга карата отчетун кабыл алды

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КР Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету угулду.

Депутаттарга Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев маалымат берди. Ал өз сөзүндө Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги багыттарына, ошону менен бирге банк секторунун учурдагы абалы жана өнүгүү тенденцияларына кеңири токтолду.

Анын айтымында , Улуттук банктын 2023-жылдагы кирешеси 12 миллиард 436 миллион 56 миң сомду түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 22,07 пайызга көп.

Улуттук банктын чыгашалары да 2,2 эсеге көбөйүп, 3,2 млрд сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар