USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Сот Өндүрүш Токтонасыровго өкүм чыгарды

12:35, 19 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду күнөлүү деп таап, 100 миң сом өлчөмүндө айып салды.

Чечимдин алдында Токтонасыров "Мага карата козголгон кылмыш иши туура эмес. Коюлуп жаткан беренеге караманча каршымын, эч кандай айыпкер эмесмин«,-деди .

Кечээ прокурор Мырзасапарова жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сураган.

Эске салсак, Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика