08:42
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

8-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидромет маалымдагандай, 8-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +28...+33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +33...+35 градус ысык.

Эң көп окулган жаңылыктар