2024-жылдын январь — март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 689,74 миллион доллар которулган. Мындай маалыматтар өлкөнүн Улуттук банкынын сайтында жарыяланган.
Бул 2023-жылга салыштырмалуу 12,8 пайызга же 78,34 миллион долларга көп.
Март айында Кыргызстанга сырттан 225,1 миллион доллар түшкөн. Бул бир ай мурункуга караганда 19,5 миллион долларга көп. Акча которуулардын көпчүлүгү Россиядан аткарылган — 207,5 миллион доллар. Башка мамлекеттерден Кыргызстанга 10,5 миллион доллар, АКШдан 5,2 миллион доллар которулган.
Ошондой эле марттын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан башка өлкөлөргө 32,4 миллион доллар которулган. Бир айдын ичинде көрсөткүч 17,1 миллион долларга төмөндөгөн. Акчанын негизги бөлүгү Россияга (27,5 миллион доллар) жиберилген. 2024-жылдын үч айында эле өлкөдөн сыртка которулган акчалардын суммасы 138,27 миллион долларды түзгөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,33 миллион долларга аз
Бул 2023-жылга караганда 98,67 миллион долларга же 21,8 пайызга көбүрөөк.
2023-жылы өлкөгө акча которуулардын көлөмү 2 миллиард 706,1 миллион долларды түзгөн. Кыргызстандан башка мамлекеттерге 561,2 миллион доллар которулган. Таза агым 2 миллиард 144,9 миллион доллар болгон.