05:40
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Баткен, Ош облустарында жер титирөө болду

Баткен, Ош облустарында жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 4:39да өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен районундагы Үч-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк чыгышка, Самаркандык айылынан 18 чакырым түштүк чыгышка, Рават айылынан 26 чакырым түштүк чыгышка, Лейлек районунун Лейлек айылынан 34 чакырым түштүк чыгышка карай белгиленди.

Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 баллга, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле бул түнү саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Эң көп окулган жаңылыктар