09:58
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын орун басарын кабыл алды

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары — БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда уюмдун маанилүү ролун белгилеп, Кыргызстан конфликттерди тынчтык жолу менен чечүү жана азыркы замандын чакырыктарына каршы биргелешип күрөшүү үчүн БУУга мүчө бардык мамлекеттер жана БУУнун адистештирилген агенттиктери менен тыгыз өнөктөштүктү бекемдөөнү жактай турганын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптап, эл аралык терроризмге натыйжалуу каршы туруу үчүн бекем негизди камсыз кылган БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашырууга активдүү катышып жатканын айтты.

Ал белгилегендей, регионалдык деңгээлде Кыргызстан БУУ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен экстремизмдин алдын алуу жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле алар менен байланышкан, анын ичинде баңги аткезчилиги, арам акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу транс чек аралык кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы турууда ийгиликтүү кызматташып жатат.

 Садыр Жапаров 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Владимир Воронков Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин жолдогон эң жакшы каалоо-тилектерин айтты.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүүгө байланыштуу Воронков өлкөнүн бул орунду алууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандын БУУнун антитеррористтик институттары жана түзүмдөрү менен тыгыз жана жемиштүү өз ара аракеттенүүсүн канааттануу менен белгиледи, ошондой эле кадрларды даярдоо жана БУУнун институттарында Кыргызстандык жаш адистер үчүн стажировкаларды уюштуруу жаатында кызматташууну кеңейтүү маселесин кароону сунуштады.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандагы укук тартиби жана улуттук коопсуздук органдарынын даярдыгынын жогорку деңгээлин, контртеррористтик күн тартибин илгерилетүү үчүн күчтүү мыйзамдык база түзүлгөнүн белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар