09:02
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте бир айда чет элдик жарандарга 1 миллион сомдон ашык айып пул салынган

Бишкекте 2024-жылдын 12-апрелинен бүгүнкү күнгө чейин ар кандай мыйзам бузуулар үчүн чет өлкөлүк жарандарга 1 миллион 248 миң 500 сом айып пул салынган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички киштер башкармлаыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме белгилегендей, чет өлкөлүк студенттердин катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу жана аныктоо, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу жана системалуу иштерди жүргүзүү максатында алардын арасында ыкчам-профилактикалык комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Жеткирүү кызматтарында иштеп, мобилдик транспортторду колдонгон чет өлкөлүк студенттердин арасында жол кыймылынын эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 400дөн ашык чет элдик студенттердин иштеши токтотулган», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, милиция 431-беренеге (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун, иштөөнүн же транзиттин белгиленген эрежелерин бузуусу) ылайык 225тен ашык протоколдор түзүлгөнүн жана 1 миллион 248 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар