18-майдан тарта капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу Бишкекте бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкесинде бир нече этап менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
«Аталган көчөлөрдө капиталдык оңдоо акыркы ирет 2001-2003-жылдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт», — деп белигиледи мэрия.
Ошондой эле, быйыл дагы төрт көчө капиталдык оңдоодон өтөт:
- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Айтматов көчөсүнө чейин;
- Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутту алдын-ала пландап алууну өтүнөт.