23:54
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Кадамжайда мечиттин курулушуна чогултулган акчаны уурдап кетишкен

Баткен облусунда мечиттин курулушуна топтолгон акчаны уурдоого шек саналган жаран кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Таш-Дөбө айылындагы «Зийабидин ажы» мечитинде курулушка топтолгон 67 миң 500 сомду белгисиз адамдар уурдап кеткен.

Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы
Фото Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы. Шектүү

Шектүү катары Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну К.Б. кармалды. Ал мурда сот жообуна тартылган.

Уурдалган акча мечитке кайтарылды. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар