Жалал-Абад облусунда жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мекемеге Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде ыкчам топ иштеп жатат.
Аталган аймакта 7 миң куб жер көчкү түшүп, бир турак жайга кооптуулук жаралган. Үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертменин негизинде көчүрүлгөн.
Мындан сырткары, көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 сантиметр жаракалар бар экени аныкталган.
Белгилей кетсек, Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө, анын 9у ушул айылда жашайт.