Борбордогу «Ынтымак» сейил багында «Ы тамгасы» арт-объектиси ачылды. Бул иш-чара Бишкек шаарынын күнүнө арналды.
Эстелик «Орус гезити» жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен тургузулду.
Кыргызча-орусча сөздүктө Ы тамгасы катышкан 600дөн ашык сөз бар. Тилде бул тамганын болушу менен «кыргыз», «кыргыз эли», «Кыргызстан» сыяктуу бренддер таанылып, кабыл алынып келет.