14:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысынын мурдагы орун басары кармалды

Аламүдүн районунда массалык баш аламандыкка чакырууга шек саналган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда коомдук активист, Аламүдүн районунун тургуну Т.А. Facebook платформасында коомчулукту массалык башаламандыкка чакырган, чагымчыл материалдарды таратып жатканы аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, материалдарда массалык нааразылык акциясына чыгууга, жапырт баш аламандыкка жана бийликти алмаштырууга чакырык жасоонун белгилери бар.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы
Фото Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы. Шектүү

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси «Массалык баш аламандыктар» боюнча кылмыш иши козголду.

1981-жылы туулган шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Белгилей кетсек, кармалган жарандын баш тамгалары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновдун аты-жөнүнө туура келет.

Эң көп окулган жаңылыктар