Вице-мэр Максатбек Сазыкулов бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
«Айыпталуучу Максатбек Сазыкуловго карата бир айга камакка алуу бөгөт чарасы колдонулду, башкача айтканда ал 11-майга чейин камакка алынды», — деп билдиришти соттон.
Буга чейин УКМК шаардын вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектинин ээсин калкалаганы үчүн кармалганын билдирген.