17:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун кармалышынын чоо-жайы белгилүү болду

Борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, мурда Бишкек шаарынын администрацияларынын биринин жетекчиси болуп турган Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкерге негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

«Тактап айтканда, ал мыйзамсыз түрдө өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкерге бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң долларды түзөт. Аны менен катар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон бул коммерциялык объект эч кандай уруксат документтери жок курулганы аныкталган. Ошонун негизинде объект белгиленген тартипте бузулууга тийиш болгон. Бирок Максатбек Сазыкулов өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жараткан. Натыйжада мыйзамсыз объект бузулган эмес», — деп билдирди УКМК.

Атайын кызмат белгилегендей, буга чейин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн курулган объектинин ордунда сейил бак жашылдандырылган.

«Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да Максатбек Сазыкулов тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгын боюрча, иш жүзүндө аткарылган жумуштар 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган», — деп белгиледи мекеме.

Аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

Кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде Бишкек шаарынын вице-мэри жана ишкер Т.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан аталган иштин бардык жагдайларын, жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар