15:25
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Мектепке электрондук каттоо. Системада дээрлик 29 миң бала катталды

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, республика боюнча биринчи класска 28 миң 936 бала катталды.

Белгиленгендей, борбор калаада үч мектеп толугу менен толду. Алар француз тилин тереңдетип окутуучу № 26 гимназия-комплекси, № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси жана № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

Эске салсак, Кыргызстанда 8-апрелде мектепке электрондук каттоо башталган. Ал автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин;
  • II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин болот.

Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) биринчи класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

Электрондук каттоо тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.

Эң көп окулган жаңылыктар