01:26
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Мекетепке электрондук каттоо. Маалыматтар туура эмес чыкса эмне кылуу керек

Мектепке электрондук каттоодон өтүүдө туугандыгы жөнүндө маалыматтар туура эмес же жок болсо, маалыматтарды тактоо же санариптештирүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрүнө кайрылууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

«Эгерде чет мамлекет тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк болсо, балага жеке идентификациялык номер алуу жетиштүү. Чет мамлекеттердин күбөлүктөрү санариптештирилбейт», — деп белгиледи мекеме.

Министрлик калган бардык техникалык суроолор боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылууну сунуштады.

Эске салсак, Кыргызстанда 8-апрелде мектепке электрондук каттоо башталган. Ал автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин;
  • II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин болот. 

Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) биринчи класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

Электрондук каттоо тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума