Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объекттерин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада бир убакта миңдеген окуучуга ылайыкташкан 20 жаңы мектеп курулуп жатат.
- Достук айылындагы 750 орундуу жаңы мектепти;
- «Дордой» конушундагы № 94 мектептин 750 орундуу кошумча корпусун;
- «Калыс-Ордо» конушундагы № 86 мектептин 650 орундуу корпусун;
- Биринчи май районунун Садыгалиев көчөсүндөгү 1 миң 200 орундуу мектепти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, подряддык уюмдарга аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюуну тапшырды. Ошондой эле курулуш аянтчаларындагы жумушчулардын санын көбөйтүүнү, курулуш темпин тездетүүнү жана бардык этаптарда сапаттын катуу көзөмөлдөнүшүн камсыз кылууну талап кылды. Орунтаев бардык объекттер белгиленген мөөнөттө аяктап, 2026—2027-окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берилиши керектигин баса белгиледи.
Курулуш объектилеринин райондор боюнча бөлүнүшү:
Курулуш министрлигинен эскертишкендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылдын февраль айында Бишкекте 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Учурда бардык объекттерде иштер жүрүп жатат:
- Октябрь районунда — 6 объект;
- Ленин районунда — 6 объект;
- Биринчи май районунда — 5 объект;
- Свердлов районунда — 3 объект.
Долбоорлор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда жана республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

