14:28
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкекте күн +20 градуска чейин жылыйт, бирок дем алыш күндөрү жаан жаайт

Синоптиктердин маалыматы боюнча, аптанын аягына чейин Бишкекте күн ачык жана жылуу болот, бирок дем алыш күндөрү кайрадан жаан жаашы күтүлөт.

4-апрелде калаада жаан-чачын күтүлбөйт жана жылуу болот. Түнкүсүн + 7, күндүз + 18 градус болот.

5-апрелде ушундай эле аба ырайы күтүлөт. Түнкүсүн + 8, күндүз + 20 градуска чейин ысыйт.

6-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн + 6, күндүз + 16 градуска чейин көтөрүлөт.

7-8-апрелде жаан жаашы мүмкүн, бирок күн жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар