Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтка ылайык, № 9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолунда карды тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Төө-Ашуу ашуусунда кар жана бороондон улам жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.