18:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кемпир-Абад иши. Конвойлор Илгиз Шаменовго карата күч колдонушту

Конвойлор Илгиз Шаменовго карата күч колдонуп, аны Бишкектин Биринчи май райондук сотунун залынан чыгарып кетишти. Бул тууралуу адвокат Бакыт Автандил өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Адвокат Илгиз Шаменовду убактылуу кармоочу жайга киргизгенден кийин конвойлор аны муунтканын жана ал эсин жоготуп койгонун жазды. Ал Шаменовдун жүрөгү ооруй турагынын жана тез жардам чакырылганын билдирди.

Эске салсак, 2022-жылы 22-октябрда Кемпер-Абад суу сактагы боюнча комитет түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар жана парламенттин депутаттары кирген. 23-октябрдан баштап массалык камакка алуулар башталган. Бийлик «жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү» деген айып менен 27 кишини кармаган.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Бүткүл дүйнөлүк кыйноолорго каршы уюм (OMCT), Норвегиянын Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), «Свобода сейчас» (Freedom Now) сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары бир нече жолу камалган саясатчыларды жана активисттерди бошотууга чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар