15:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аба ырайы: Бишкекте апта соңунда жаан-чачын күтүлүүдө

Синоптиктердин маалыматы боюнча, Бишкекте абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүүдө.

28-мартта борбордо жаан жаашы мүмкүн, бирок күндүз +24 градуска чейин жылуу болот.

29-мартта аба ырайы булуттуу болуп, күндүз + 15 градуска чейин гана көтөрүлөт.

30-31-март күндөрү сууктайт. Жаан-чачын күтүлүүдө. Абанын температурасы түнкүсүн 1 градус, күндүз + 7 градус болот.

Бирок 1-2-апрелде кайрадан күн жылып, күндүз +16 градуска чейин жетет. Жаан-чачын күтүлбөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар