17:00
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Олимпиада-2024. Бейтарап макамдагы спортчулардын желеги жана гимни бекитилди

Эл аралык олимпиада комитети Париж-2024 Олимпиадасынын бейтарап макамдагы спортчуларынын желегин жана гимнин бекитти. Бул тууралуу комитеттин сайтында маалымдалды.

Гимндин сөзү жок жана ал Олимпиада  оюндары үчүн гана түзүлгөн. Ал бейтарап спортчулар алтын алган учурда жаңырып турат.

Бирок бейтарап спортчулар уткан сыйлыктар оюндардын медалдар таблицасында көрсөтүлбөйт.

Эл аралык олимпиада комитети
Фото Эл аралык олимпиада комитети. Бейтарап спортчулардын желеги

Бейтарап макамда орусиялык жана белоруссиялык спортчулар катыша алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар