18:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте апта аягына чейин күн жылуу болот, бирок жаан жаайт

Синоптиктердин маалыматы боюнча, ушул жуманын аягына чейин Бишкекте жаан-чачын күтүлүүдө, бирок күн жылуу болот.

21-мартта борбордо күн бою жаан жаайт. Түнкүсүн + 7, күндүз + 14 градуска чейин болот.

22-мартта ушундай эле аба ырайы күтүлүүдө. Түнкүсүн + 5, күндүз + 9 градуска чейин жылуу болот.

23-мартта түнкүсүн да, күндүз да жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн абанын температурасы + 6, күндүз + 14 градуска чейин жогорулайт.

24-мартта борбор калаада күн бүркөк болот, бирок жаан жаабайт. Түнкүсүн +6 градуска, күндүз +17 градуска чейин жылыйт.

25-26-мартта Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт жана +20 градуска чейин жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар