18:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адилет Аманбаев Климаттык каржылоо борборунун директору болду

Адилет Амантаев министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Адилет Амантаев президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг кылуу жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар