05:43
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстан жана Алтай окумуштуулары артефакттардын электрондук каталогун түзүшөт

Алтайлык окумуштуулар Кыргызстанга экспедиция жүргүзүүнү пландаштырып жатышат. Анын алкагында Кочкор өрөөнүндө жергиликтүү адистер менен биргеликте казуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу журналисттерге Алтай мамлекеттик университетинин археология, этнография жана музеология кафедрасынын жетекчиси, профессор Алексей Тишкин билдирди.

Экспедициянын максаты — түрк археологиялык табылгаларын табуу. Бул эстеликтерди изилдөө көчмөндөрдүн Борбордук Азиянын жергиликтүү калкы менен өз ара байланышын жакшыраак түшүнүүгө, ошондой эле түрк малчыларынын Тянь-Шань тоо этектериндеги аймактын ландшафтына жана салттарына ыңгайлашуусун изилдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, экспедициянын жыйынтыгы боюнча электрондук каталогду түзүү максатында айрым түрк экспонаттарынын фотограмметриясын жүргүзүү пландаштырылууда.

Изилдөөлөр июль жана август айларында Алтай мамлекеттик университетинин алдындагы «Чоң Алтай» алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борборунун долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, окумуштуулар Казакстандагы Аккаин капчыгайына да экспедиция жасоо ниетинде.

Эң көп окулган жаңылыктар