02:46
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШ окумуштуулары COVID жүрөктө дагы өзгөрүүлөргө алып келерин белгилешет

Америкалык патологдор коронавирус илдетинен каза болгон бейтаптарга изилдөө жүргүзүштү. Алар жүрөктүн жабыркашы жана анын булчуңдарынын сезгенишинен эмес, тескерисинче, клеткалардын өлүмүнөн улам келип чыккандыгын аныкташты. 

Маалыматтарга ылайык, дарыгерлер коронавирус менен ооруган 22 маркумдун жүрөгүн текшеришкен. Мындан сырткары, каза болгондордун көпчүлүгүнүн кан басымы жогору, 40 пайызы ашыкча салмактуулук менен жабыркаган, 50 пайызы диабетке чалдыккандар болгон.

«Биз миокардит коронавирустун оор түрүнөн жаралат деген кеңири таралган түшүнүккө карама-каршы келген негизги өзгөрүүлөрдү аныктадык. COVID вирусунда жүрөктүн жабыркашынын механизми белгисиз экендигине карабастан, кеңири иликтөөнү талап кылган бир катар теорияларды иштеп чыктык», — дешет изилдөөчүлөр.

Патологдордун тобу мурдакы коронавируска салыштырмалуу, жаңы коронавирус жүрөк булчуңунун клеткаларына кирбей тургандыгын аныкташкан.

Америкалык патологдордун изилдөөсүндө, коронардык артериянын уюган кан менен жабылуусу байкалган жок.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, адистер вирусту майда кан тамырлардын былжырлуу кабыкчасынын клеткаларынан табышкан. Буга карай дарыгерлер, сезгенүү клеткалары жүрөктөн анын кыртыштарына таасирин тийгизбей өтүп кете тургандыгын эске алганда, цитокиндерден келип чыккан эндотелий зыянын жокко чыгарууга болбойт деген жыйынтыкка келишти.

Буга чейин Республикалык патоанатомиялык бюронун жетекчиси Валентина Пахмандын 24.kg агенттигине берген маегинде оорунун баштапкы баскычында тромбоз эмес, тескерисинче, өпкөдөгү шишик жана эффузия өтө көп болгонун айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар