15:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-24-майда өткөрүлөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, ЖРТга Кыргызстандын жарандарынан тышкары Россиянын, Казакстандын, Беларустун жана Тажикстандын жарандары да катыша алышат.

«Тестирлөө мамлекеттик билим берүү стандартынын жана мектеп программасынын алкагында гана жүргүзүлөт. Эч бир тапшырма бул чектен чыкпайт. Эгерде окуучу мектеп программасын жакшы өздөштүрсө, тестти ийгиликтүү тапшырат», — деди Чынара Батракеева.

Ал белгилегендей, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында кыргыз жана орус тилдеринде сынамык акысыз онлайн-тесттен өтүүгө болот. «Ар бир абитуриент катталгандан кийин акысыз брошюра алат. Мындан тышкары, сатыкта негизги жана бардык предметтик тесттер боюнча колдонмолор бар. Борбордун YouTube каналында ЖРТга даярдоо боюнча жүздөн ашык видеосабактар жүктөлгөн, ресурстар жетиштүү», — деп кошумчалады Чынара Батракеева.

Ошондой эле ал мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тестке дагы токтолду. Анда «Лексика», «Грамматика», «Окуу жана түшүнүү» сыяктуу бөлүмдөр каралган.

«Мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруу — бул конституциялык мыйзамдын талабы. Мыйзам боюнча ЖРТ көз карандысыз мамлекеттик эмес тест борбору тарабынан жүргүзүлөт, ошондуктан акы төлөнөт. Аны мамлекет өткөрбөйт, ошондуктан өзү төлөй албайт», — деп кошумчалады жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы.

Мамлекеттик тил боюнча тест мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт. Аталган тесттин жыйынтыгы ЖОЖдорго тапшырууда таасирин тийгизбейт.
Эң көп окулган жаңылыктар