14:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖРТ. Мамлекеттик тил боюнча тесттин баасы белгилүү болду

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда мамлекеттик тил боюнча тесттин баасы 200 сом болот. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди.

Ал эми негизги жана предметтик тесттердин баасы мурдагыдай эле — ар бирие 470 сомдон төлөнөт.

Мамлекеттик тил боюнча тест мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт. Аталган тесттин жыйынтыгы ЖОЖдорго тапшырууда таасирин тийгизбейт.

Предметтик тесттер англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча өткөрүлөт.

Гранттык окууга тапшырууну каалаган абитуриент үчүн негизги жана мамлекеттик тил боюнча тест милдеттүү болуп саналат. Профилдик предметтик тест билим берүү министрлиги бекиткен адистиктердин жана багыттардын тизмесине ылайык аныкталат.

«Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Предметтик тесттерди тандоодо чектөө жок, бирок абитуриенттер бул жерде «канчалык көп болсо, ошончолук жакшы» принциби иштебей тургандыгын эске алышы керек. Тандалган тесттердин ар бирине акы төлөнөт», — деп белгиледи мекеме.

ЖРТга каттоо онлайн режиминде 4-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Орто мектепти же кесиптик орто билим берүү уюмун аяктаган абитуриенттер окуган жериндеги жооптуу кызматкерден өздүк кабинетин ачууга мүмкүндүк алуулары керек.

Онлайн-каттоо бланкын толтуруу үчүн мобилдик телефондун номери, паспорттун түп нускасынын электрондук сүрөтү (алдыңкы жана арткы бети) жана тапшыруучунун адамы керек болот.

Онлайн каттоонун бланкын толтуруу үчүн уюлдук телефондун номери, паспорттун оригиналынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең) жана абитуриенттин электрондук сүрөтү керек.

Каттоо учурунда көрөтүлгөн телефондун номери каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле жогорку окуу жайларга тапшырууда конкурска катышуу үчүн да керектелет.

Онлайн-каттоо бланкын толтуруу боюнча видео нускама борбордун сайтында жеткиликтүү.

Чет өлкөдөгүлөр тестирлөө башталардан бир күн мурун каттоодон өтүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар