13:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда катталган «УКОН» компаниясы АКШнын санкциясына илинди

Кыргызстанда катталган «УКОН» жоопкерчилиги чектелген коому АКШ 23-февралда жарыялаган жаңы санкцияларга илинди. Ишкананын аталышын Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин сайтына чыккан тизмеден тапса болот.

23-февралда АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы киргизилгенин жарыялады. 500дөй жаңы чектөө Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын өлүмүнө, Украинадагы согушка байланыштуу кабыл алынды.

Маалыматка караганда, Вашингтон Орусияга буга чейинки санкцияларды айланып өтүүгө жана «көшөгө артында орус аскердик машинасын камсыздоого» жардам берип жаткан 100дөй компанияга экспорттук чектөөлөрдү киргизди.

Кыргызстандын Юстиция министрлигиндеги маалыматка таянсак, «УКОН» жоопкерчилиги чектелген коому 2022-жылдын август айында, Украинада согуш башталгандан кийин каттоодон өткөн. Анын негиздөөчүсү катары Гафар-Заде Мехти Фикрет оглу аттуу киши белгиленген.

Бул Орусияга салынган санкцияларды буйтап өткөнгө көмөктөшкөнү үчүн АКШнын «кара тизмесине» илинген алгачкы кыргызстандык компания эмес. 12-декабрда Вашингтон жарыялаган чектөөлөргө Бишкекте катталган «Вайтмэнн Хандельн Альянс» (Weitmann Handeln Allianz LLC) деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом туш болгон.

Андан мурда АКШ кыргызстандык беш компанияны Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөштү деген негизде «кара тизмеге» киргизген.

7-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан.

Август айында президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар