14:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Апта соңунда Бишкекте кайрадан кар жаап, суук болот

Синоптиктердин берген маалыматы боюнча ушул жуманын аягында Бишкекте кайрадан кар жаап, суук болот.

22-февралда калаада жаан-чачын күтүлбөйт жана күн жылуу болот. Түнкүсүн аба ырайы −9 градус болот, ал эми күндүз + 3 градуска чейин жылыйт.

23-февралда дагы жылуу болот, бирок аба ырайы бузула баштайт. Түнкүсүн температура −6 градуска чейин түшөт. Бишкекте күндүз күн бүркөлүп, кечинде кар жаайт. Абанын температурасы −1 градус болору күтүлүүдө.

24-февралда борбор калаада мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн −7, күндүз + 1 градус болот.

25-февралда да кар жаайт. Түнкүсүн −9, күндүз −1 градуска чейин суук болот.

Эң көп окулган жаңылыктар