09:16
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү

5-февралдан тартып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жөлөкпулдун өлчөмү 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго жогорулады.

«Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар