05:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда 37 миң 494 бала майыптыгы боюнча жөлөкпул алат

2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки 37 миң 494 бала майыптыгы боюнча жөлөкпул алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө ар бир балага айына 8 миң сом төлөнөт.

«18 жашка чыга элек майыптуулугу бар балага ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды алуу үчүн жашаган жери боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуу зарыл. Жөлөкпул алуу үчүн арыз ата-энелер (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр) тарабынан берилет. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өзүнчө жашаса, анда арыз бала менен чогуу жашаган ата-энесинин (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) жашаган жери боюнча берилет», — деп белгиледи министрлик.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга кайрылууда керек болгон документтер:

  • арыз ээсинин паспорту;
  • баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу маалымат/күбөлүк ;
  • жашаган/турган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана);
  • медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгын тастыктаган маалыматы.
Эң көп окулган жаңылыктар