07:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда 298 миӊ бала жөлөкпул алат

Кыргызстан 298 миӊ бала жөлөкпул алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында жөлөкпул боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.

Анын айтымында, долбоордо 16 жашка чейинки балдарга «Үй-бүлөгө көмөк» аттуу жөлөкпул каралган. Анда майып балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу, ата-эне камкордугунан ажыраган жана мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик эсептерди ачуу чаралары камтылууда.

Министрдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 298 миӊ бала жөлөпул алууда, эгер бул мыйзам кабыл алынса, алардын саны дагы эки эсеге көбөйөт. Ал үчүн бюджеттен 1 мдрд 800 миӊ сом талап кылынат. Андан тышкары, балдарга жөлөкпул чектөөдө жакындарынын пенсиясы үй-бүлө кирешесинен чыгарылып салынууда. Эгерде муктаждыгы аныкталса, баланын санына карабастан жөлөкпул бериле берет.

Кыргызстандагы жакырчылыктын чеги 2016-жылы 27 пайызды түзсө, 2017-жылдын жыйынтыгында ал 25 пайызга чейин кыскарган. Ал жалпы калктын 0,8 пайызын түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар