08:00
USD 89.43
EUR 96.36
RUB 0.97

2024-жылы санариптик экономикага 600 миллион сом жумшалат

2024-жылга Кыргызстанды санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Санариптик экономикага» 600 миллион сом каражат каралды. Мындай маалыматтарды Финансы министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, бөлүнгөн каражаттар жаңы маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, колдонуудагы маалыматтык системаларды модернизациялоого, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборун курууга багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар