08:30
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүүдө

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында, ошондой эле кечинде катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, шамалдын батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетүүсү мүмкүн.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуп, көчөдөгү көрнөк-жарнактардан, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар