15:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шашылыш билдирүү. Өлкөдө 7-9-февраль күндөрү кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Кыргызстанда 7-9-февраль күндөрү кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115- чакырымы, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымындарында кар көчкү, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну сунуштайт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз «112» кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар