22:23
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ЖЭБдеги авария. Финансы министрлигине тез арада каражат бөлүп берүү тапшырылды

министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров штаттык эмес кырдаал жаралган Бишкек ЖЭБине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

  • Энергетика министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ыкчам штабды жетектеп, саат 17:00гө чейин окуянын келип чыгуу себептери боюнча бардык маалыматтарды жана жылуулук электр борборунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча мындан аркы иш-чаралардын планын берүү;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ЖЭБдин бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо;
  • Саламаттыкты сактоо министрлигине ЖЭБдин жабыркаган жумушчуларына керектүү жардам көрсөтүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу;
  • Финансы министрлигине калыбына келтирүү иштерине зарыл болгон финансылык каражаттарды тез арада бөлүп берүү тапшырылды.


Министрлер кабинетинин башчысы учурда негизги маселе жарандардын батирлерин жылуулук менен камсыз кылуу жана мындай жагдайлардын кайталанбашы керек экенин белгиледи.

Бүгүн түндө Бишкек жылуулук борборунда авария болгону маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, от казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өтүштү. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар