17:36
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкек жылуулук тармагы: ысык суу крандарын ачып коюнун кажети жок

Социалдык тармактарда «ысык кое берилгенде түтүктөр жарылып калышы мүмкүн, ысык суу крандарын ачып коюу керек» деген билдирүүлөр тарап жатат.

Бишкек жылуулук тармагы ишканасы керектөөчүлөргө кооптонуунун кажети жок экенин билдирип, учурда батирлерде кандайдыр аракеттерди жасабоого чакырды.

«Суусу агызылган жылытуу системасын толтуруп, иштеткенде жогорку кабаттардын жылытуу аппараттарынан абаны чыгаруу керек болот. Бул тууралуу үй комитеттерие кошумча кабарланат», — деп билдирди ишкананын басма сөз кызматы 24.kg басылмасына.

Бүгүн түндө Бишкек жылуулук борборунда авария болгону маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, от казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өтүштү. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар